Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 3130 | 2

Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз бирөөлөр кол салышты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Искен Афиджанов билдирди.

«Жаңы эле «Консул» району тарапта Өмүрбек Текебаевге беткапчан бейбаштар тарабынан кол салуу болду», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми Динар Турдугулова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу «Парк Отелдин» жанында эс алып отурган Текебаевге 3 бус менен келген жүздөй адам кол салганын, көз айнегин сындырышып, телефонун алып кетишкенин жазып чыкты.

Ошондой эле анын таяк жеген сүрөтү да социалдык тармактарга жарыяланды.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Зама

    01.12.2021 16:59

    Уйундо эле отурда

  2. Шайлоо ошо жемкорлордон запкысын тарткам дагы деле таратып жатам

    01.12.2021 21:54

    Урматтуу мекендештер,булар Кыргызстанга тынчтык керек деген накта таза кандуу Кыргыздын эр жүрөк азаматтары, жана калган ызычуу кылгандарга эскертүү деп ойлойм ж-а баалайм, себеби өздөрү ошону тилеп жатышат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM