Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Бишкекте 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +15…+17 градус жылуу.