Биз менен байланышыңыз

Бек Борбиев «эки досту» сындады

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 1454 | 0

Таза шайлоо болгон жок. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эл артисти, эстрада ырчысы, «Ата Журт -Кыргызстан»  партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бек Борбиев «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Таза шайлоо болгон жок. Мен болсо керек деп ойлогом, эл башындагы эки жигит кайсады. Аларга керек жерде админстративдик ресурс иштеди, өтө кир. Оңолбойт экенбиз. Менин позиция болуп туруп, оппозициячылдар менен иштешиме туура келди. Унчукпадым, эмне болсоңор да уттуңар. Анткени туура эмес кылгандарды эл көрүп-билип турат. Аман болгула, «эки дос», — деп жазган Борбиев.

Маалым болгондой, Бек Борбиев шайлоого «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы менен 17-катарда аттанган. БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматтар боюнча Берадор Борбиев 2219 добуш алган. Анын партиялашы Бакыт Төрөбаевге эң көп 16 миң 915 добуш берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM