Биз менен байланышыңыз

Иркутск: «Ата-Журт Кыргызстан» алдыга чыкты (фото)

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 1858 | 0

Орусиянын Иркутск шаарындагы №9007 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады.

Добуш берүүнүн автоматтык урнадагы эсеби боюнча 319 шайлоочу катышкан. Анын ичинен эң көп 117 добушту «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы алган.

«Бүтүн Кыргызстан» — 83,

«Ыйман Нуру» — 34,

«Ишеним» — 15,

«Ата-Мекен», «Альянс», «Азаттык» — 10,

«Ынтымак», «Улуттар Биримдиги» — 6,

«Эл үмүтү» — 4,

«Мекенчил Эл», «Улуу-Журт» — 3,

«Ордо», «Социал-демократтар» — 2,

«Кыргызстан жашылдар партиясы» — 1

Баарына каршы — 3.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Партиялык тизме менен шайлоо преференциалдык ыкмада өтүп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди да тандай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM