Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №7147 шайлоо участкасынан добуш берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
№7147 шайлоо участкасы Ысык-Ата районунда жайгашкан.
Добуш берип чыккандан кийин Азирети Муфтий шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, элибизге амандык, биримдик жана ынтымак каалады.