Биз менен байланышыңыз

Догоев: Шайлоо тилкелериндеги техникалык кемчиликтер жоюлду

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 242 | 0

Кыргызстанда добуш берүү үчүн ачылган шайлоо тилкелеринде бир нече техникалык кемчиликтер пайда болду. Бул тууралуу брифингде Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев айтты.

Бирок алардын баары жоюлуп, идентификация системасы, жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат.

Республика боюнча 700 IT-адиси кызматка тартылган. Мындан тышкары шайлоочуларга шарт түзүү боюнча расмий тейлөө борборлору өз ишин жүргүздү. Ага 3 миң 568 кайрылуу түшүп, тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миң 494 шайлоо участогу уюштурулду. Анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилке өлкө аймагында ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM