Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Шайлоодон кийин радикалдуу нааразычылыктар болбойт

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 539 | 0

Шайлоодон кийин нааразычылык болсо да, былтыркыдай радикалдуу болбойт. Мындай пикирин депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, былтыркы шайлоодон кийинки массалык башаламандыктын чыгышына мамлекеттик жетекчилер өздөрү жол ачып, керек болсо каржылап турган. Азыр да анча-мынча партияларга көмүскө колдоолор бар. Бирок чечимди эл чыгарат.

«Массалык сатып алуулар болгон жок, партиялар өз демилгелери менен добуш сатып алышы мүмкүн, бирок борбордон буйрук берилген жок», — деди Текебаев.

Ал шайлоо тынч, мыйзамдын негизинде өтүп жатканын, ал үчүн нааразы болуунун кажети жок экенин билдирди. Үгүт маалында бардык талапкерлерге дээрлик бирдей шарт түзүлгөнүн, бирок бийлик кимге «күйүп», кимге «жан тартып» жатканы байкалганын айтты.

Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясы парламентке өтпөй калса, өз ишин уланта берерин билдирди. Бүгүнкү күндө парламентке барбай туруп деле ал жердеги партиялардан таасирдүү болуу мүмкүн.

«Мен өткөндө президенттик шайлоо тууралуу айткам. Ал качан болору белгисиз, мыйзам боюнча беш жылдан кийин болот, андан мурун да болуп кетиши мүмкүн. Менин ушул сөзүмө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев комментарий берип, «булардын ою жаман, чаң-тополоң салганы жатат» деп жарыялап жиберди. Жок, андай эмес. Конституция боюнча кезектүү жана кезексиз президенттик шайлоо жарыялаганга болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM