Биз менен байланышыңыз

БШК: Момбеков боюнча соттун чечимине каршы арызданабыз

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 602 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бүткөндөн кийин Рыскелди Момбеков боюнча Бишкек шаарынын административдик соту чыгарган чечимге каршы арызданарын билдирди.

Маалыматта БШК Рыскелди Момбековду талапкерлердин катарынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга таянып, диплому жасалма экени айныксыз тастыкталгандан кийин гана чыгарганы айтылат. Ошол эле учурда соттун чечими менен Момбековдун талапкерлиги калыбына келтирилгени, шайлоого катыша алары жазылган.

БШК бул маселеге шайлоодон кийин кайрылып, талапкерди шайлоодон четтетүү токтому мыйзамдуу, айныксыз чыгарылганын далилдөө үчүн Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимине каршы арызданышат.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынган.

Рыскелди Момбековдун талапкерлиги калыбына келтирилди (видео)

Copyright © 2017 Maral FM