Connect with us

Рыскелди Момбековдун талапкерлиги калыбына келтирилди (видео)

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 2122 | 0

Рыскелди Момбековдун талапкерлиги калыбына келтирилди. Бул тууралуу өзү «Маралга» билдирип, атайын видеокайрылуу жөнөттү.

Андан белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын административдик сотунда Рыскелди Момбековдун берген арызы каралып, бүгүн, 27-ноябрда судья Азиз Эшалиев БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, Рыскелди Момбеков эртеңки өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер катары катыша алат.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечимге Билим берүү жана илим министрлигинин Момбековдун биринчи диплому жасалма экенин, андыктан экинчи диплому да жараксыз болуп каларын тастыктап жөнөткөн каты негиз болгону белгиленген.

Рыскелди Момбеков бул боюнча атайын кайрылуу жасап, БШКнын чечимин сотко берерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM