Биз менен байланышыңыз

Ислам өнүктүрүү банкы 10 вирусологиялык лаборатория куруп берет

Блог , Маек | 24 Ноя 2021 | 5176 | 0

Кыргызстанда 10 вирусологиялык лаборатория борбору курулуп жатат. Бул калкка коронавирус боюнча тесттердин жыйынтыгын оңой алууга шарт түзөт. Аталган борборлор кайсы аймактарга жана канча каражатка курулуп, качан ишке кирет? Бул суроонун айланасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова менен маектештик.

— 10 вирусологиялык лаборатория борбору кайсы аймактарга курулат жана курулуш качан башталып, качан бүтөт?

— Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 10 модулдук вирусологиялык лаборатория Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, тагыраагы, Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунда, ошондой эле Бишкек шаарынан башка бардык облуста курулууда. Бишкек кирбей калганынын себеби борбордо үч мамлекеттик вирусологиялык лаборатория бар. Андан сырткары жеке менчик лабораториялардан ар түрдүү анализдерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан биз борбордон алыс аймактарды алып, биздин коомдук саламаттык сактоо кызматынын базасында куруу боюнча планыбызга киргизип, Ислам өнүктүрүү банкы менен чогуу иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунун борборлорунда курулуш иштери 60 пайызды, Талас, Ноокат, Ноокен райондорунда жана Караколдо 20 пайызды, Жалал-Абад жана Баткенде 10 пайызды түздү. Бирок негизи курулуш компаниялары кийинки жылга чейин бүтүрөрү белгилүү.

— Жаңы курулуп жаткан вирусологиялык лаборатория борбору кандай артыкчылыктарга ээ болот жана кандай кызматтарды көрсөтөт?

Коронавирус илдетине чейин вирусологиялык лабораториялар ченелүү эле болгон. Негизи Чүй облусунда, Бишкекте, Ош жана Ысык-Көл облустарында болуп, ошолорго анализдер жеткирилип жаткан болсо, жаңы курулуп жаткан лабораторияларда коронавирустан башка да жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүгүбүз болот.

— Вирусологиялык лабораторияларды курууга канча каражат кетет? Каржынын канча бир пайызын мамлекет да көтөрөбү? 

Бул Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулуп жатат. Бирок ал жерде иштей турган медицина кызматкерлерин окутууну, билимин жогорулатууну мамлекет жүргүзөт. Негизи Ислам банкы тарабынан коронавирус илдетине байланыштуу ПЦР-лабораторияларын куруу, тест-системалар, жабдыктарды алуу, коргонуучу каражаттарды алуу жана башка ушунун баарына 15 млн доллар кете турганы аныкталган. Бул жерде 10 вирусологиялык лаборатория курууга, жабдыктарды алууга эле кетет деп түшунбөшүбүз керек. Андан сырткары санитардык транспорт, коргонуу каражаттары, дары-дармек жана коронавирус пандемиясы учурунда медициналык кызмат көрсөтүүгө кеткен. Канчасы лаборатория курууга кеткени, канчасы ички иштерге кеткени боюнча маалыматым жок. Эң негизгиси, Ислам өнүктүрүү банкы бизге 15 млн доллар бөлүп берди.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM