Биз менен байланышыңыз

«Манас» эл аралык аэропорту он айда 3,2 млн жүргүнчүнү тейледи

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 192 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКы 2021-жылдын 10 айында 3 миллион 240 285 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Анын ичинен 1 миллион 104 миң 654 ички каттамдардын жүргүнчүлөрү, 2 миллион 135 миң 631и эл аралык каттамдын жүргүнчүлөрү.

2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 миң 432 каттам ишке ашырылды. Анын 18 миң 699у – эл аралык, 8 миң 733ү – ички каттамды түздү.

«Ысык — Көл» эл аралык аэропорту 998 каттамды тейледи. Алар: 134 – ички, 864 — эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 92 миң 573 кишини түздү. Алардын 12 миң 588 – ички, 79 миң 985 – эл аралык багытта.

• «МЭА» ААКнын Ош филиалы 11 миң 459 каттамды тейледи. Алардын 4 миң 357 – ички, 7 миң 112 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 миллион 409 миң 50 кишини түздү. Алардын 549 миң 303 – ички, 859 миң 747 – эл аралык багытка туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM