Биз менен байланышыңыз

Бир катар министрликтердин жоболору жана башкаруу схемалары бекитилди

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 355 | 0

Бир катар министрликтердин жоболору жана башкаруу схемалары бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Президенттин «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам «Министрлер кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 13-беренеси жана 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

— Энергетика министрлиги жөнүндө жобо жана Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги жөнүндө жобо жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкаруу схемасы;

— Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо жана Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы;

Буга катар Билим берүү жана илим чөйрөсүнүн айрым бөлүнүштөрүнүн жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 токтомуна жана Өкмөттүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM