Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл сайын 20 миңден ашуун аял аборт жасатат. Мунун кесепетинен бери дегенде экөө-үчөө көз жумат. Айрыкча, акыркы 5 жылда 12 жаштан 17 жашка чейинки миңге жакын кыз боюнан алдырган.
Дарыгерлер бойдон алдыруу аялдын ден соолугуна өтө кооптуу зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертишет. Аборттун көп болуусу кыз-келиндер арасында маалыматтын жетишсиздигинен улам болорун айтышат. Ал тургай бойдон түшүрүү үчүн өтө коркунучтуу ыкмаларды колдонгондору да жок эмес.
«Үй-бүлөнү пландаштыруу Кыргыз Альянсы» коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгөрпөева бойдон алдырууга себеп болгон жагдайларды санап өтүү менен бирге ата-энелерге кеңешин берди.
«Болочок эненин денинин сактыгы, кандайдыр бир оорулардын жоктугу, туура тамактануу, зыяндуу адаттардан баш тартуу, жеке тазалыкты сактоо жана сергек жашоо образы кош бойлуу кездеги опурталдуу учурларды болтурбайт. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк аялзатында каалабаган учурда сактануу чаралары, ыкмалары боюнча маалыматы жок. Анан боюна кокустан бүтүп калат. «Билбей калдым» деп кайрылышат. Кээде бойго болтурбоо каражаттарын туура эмес колдонуп алышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, зордук-зомбулуктан да бойго бүтүп калышы мүмкүн. Мындай учурларда көпчүлүк кыз-келиндер аборт жасатууга ашыгат. Ата-энелер кыздарын жок дегенде жылына бир жолу акушер-гинекологго көрсөтүп коюп турушу керек. Себеби турмушка чыкканда, көптөгөн маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп, анан турмушка бергени оң».
Ден соолугуна кам көрүү, эне болууга даярдануу боюнча кыздардын билимин, маалыматын жогорулаткан «Кыздардын эне болуу бактысы» долбоору иштеп келет. Анын алкагында окуучу кыздарга, ата-энелерге, мугалимдерге окутуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Долбоор боюнча «Кыргызстан кыздары» коомдук уюмунун мүчөсү Наргиза Нурлан кызы кененирээк токтолуп өттү.
«Биз айыл аймактагы ата-энелер, аялдар жана кыздар менен иш алып барабыз. Туура эмес түшүнүктөн улам уят деп кайрыла албагандар болушу мүмкүн. Биринчиден, мугалимдерге, ата-энелерге дарыгерлердин жардамы менен окутуулар болот. Көпчүлүгүндө репродуктивтүү ден соолук, айыз, бойго жетүү, гигиеналык билим тууралуу маалыматтар жетишсиз. Ал эми аборт жасатуунун себептери көп. Мисалы, коомдун өзгөрүшү, соцтармактардын таасири, интернеттин жайылуусу, ошол эле учурда миграцияны да баса белгилеп кетүү кажет. Ата-энелер чет жакка иштеп кетип, туугандардын колунда калган кыздар зордук-зомбулукка дуушар болушу мүмкүн. Кээде мээримге, сүйүүгө жетпей калышып, ал нерсени сырттан издеши мүмкүн».
Акушер-гинеколог Арсен Аскеров заманбап медицинада бойго болтурбоонун көптөгөн ыкмалары бар экенин айтып, ал нерсе аборт жасатуунун алдын аларын белгилейт.
«Тилекке каршы, коомдо кыз-келиндер өз анатомиясын изилдебейт, кызыкпайт. Жөнөкөй эле айыз календарды колдонгонду билишпейт. Аны жолдошунан сурагандар да жок эмес. Аялдын ден соолугу, оору, баланын бойго бүтүүсү — ошол календарга байланыштуу . Заманбап медицина күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн өтө көп ыкмаларды сунуштайт. Контрацепциянын түрлөрү менен ыкмалары бири-биринен таасири, организмдеги иштөө жөндөмү, колдонуу жолдору, ошондой эле пайдалуу тараптары менен кескин айырмаланып турат.Контрацепциянын ыкмасын тандап алуу аркылуу күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу менен катар эле анын таасири тигил же бул бойго бүтүрбөөчү заттарды ырааттуу пайдаланууга тыгыз байланышкан. Бул өзгөчөлүктөрдү аңдоо жана эске алуу кош бойлуулуктун алдын алууда ар бир адамдын жеке талабына жараша мамиле кылуу дегенге барабар».