Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мишустинди Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 524 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланды. Атап айтканда, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелер.

Ошону менен бирге тараптар Кыргызстанда билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорду эртерээк баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти, бул боюнча буга чейин мамлекет башчыларынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин салык жана бажы системасын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда заманбап дата-борборду түзүү зарылдыгын белгилешти.

Михаил Мишустин 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Акылбек Жапаровдун Москвага сапары үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашылган. Анда Жапаров орусиялык кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM