Биз менен байланышыңыз

Абдыкадыр Разаев УКМКнын төрагасынын орун басары болду

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 370 | 0

Абдыкадыр Разаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен бул кызматты ээлеп келген Жаныбек Жоробаев ишинен бүгүн бошотулган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM