Биз менен байланышыңыз

Татарстан менен Кыргызстандын президенттери жолугушту

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 507 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда Бишкекке иш сапары менен келген Татарстандвн президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде эки тараптуу байланыштардын жогорку динамикасы байкалганын белгиледи.

“Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу тууралуу чечимдин кабыл алынышын кубаныч менен белгилейбиз”, — деп белгилеген президент Садыр Жапаров, Рустам Миннихановго бул маселедеги жеке колдоосу жана салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле президент татарстандык компаниялардын энергетика жана тоо-кен тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров Кыргызстан өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө, санариптештирүү, экология жаатында ошондой эле кызматташуунун башка чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине токтолуп, Садыр Жапаров кыргыз тараптын бир катар демилгелерин, анын ичинде Казань шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну кароону сунуштады.

Рустам Минниханов акыркы мезгилде эки тараптуу байланыштар активдешип жатканын белгиледи. Татарстан соода-экономикалык, ошондой эле санариптештирүү жана туризм чөйрөлөрүндө Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр.

Мындан тышкары, Рустам Минниханов Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү инсан экенин жана жазуучунун эстелигин орнотуу алар үчүн чоң сыймык болорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү диалогго кызмат кылат деген ишенимин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM