Биз менен байланышыңыз

Президент мектепке куралдуу кол салууга байланыштуу Татарстанга көңүл айтты

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 446 | 0

Президент Садыр Жапаров Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салууда курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп  кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен  кабыл алдым. Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтууда.

Куралдуу кол салуудан тогуз адам көз жумган, алардын жетөө мектеп окуучусу болгон. Ошондой эле, 21 адамдын жаракат алганы айтылууда. Кол салган адам учурда кармалып, массалык өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Татарстанда 12-май аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM