Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында 15 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 965 | 0

Армениянын Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан жана Кубанын өкмөт башчылары, Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. «2021 – 2024-жылдарга Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-мамлекеттердин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук;

2. «Евразия Экономикалык Биримдиги алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» чечим;

3. «Евразия Экономикалык Комиссиянын коллегиясынын 2021-жылдын 21-сентябряындагы №129-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө» чечим;

4. «Казакстандын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;

5. «Казакстанда өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

6. «Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө Келишим долбоору үстүндө иштин жүрүшү тууралуу» маселе алкагындагы тапшырма;

7. «Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы 2020-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө» буйрук;

8. «2021-2022-жылдарга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, тери сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө» буйрук;

9. «Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-мамлекеттерди Евразия Экономикалык Биримдигинде өндүрүлүшү 2024-жылга чейин камсыздала турган, медициналык пайдалануу үчүн стратегиялык маанилүү дары-дармектер жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук;

10. «ЕАЭБ алкагында кредиттик таржымалга киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө» келишим;

11. «Евразия Экономикалык Биримдигинин 2020-жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө» Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечим долбоору жөнүндө» чечим,

12. «Евразия Экономикалык Биримдигинин 2022-жылга бюджети жөнүндө» Евразия Экономикалык Кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө» чечим,

13. «Евразия Экономикалык Биримдигинин жана Евразия Экономикалык Комиссиясынын сотунун каржылык-чарбалык ишмердигине текшерүү жүргүзүү жөнүндө» буйрук;

14. «Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешине Евразия Экономикалык Комиссиясынын кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук,

15. «Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.

Copyright © 2017 Maral FM