Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бишкекти беларус автобустары менен камсыздоого кызыкдарбыз

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 470 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Тараптар кыргыз-беларус мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Беларусь менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты. Анын ичинде коммуналдык жана айыл чарба техникасын жеткирүү, өнөр жай кооперациясы тармагында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

«Биз Бишкек шаарын беларус автобустары менен камсыздоого кызыкдарбыз. Жакында Бишкек мэри Минск шаарында болду жана биз ага автобустарды алууга келишим түзүү укугун бердик. Биз беларус продукциясынын сапаттуулугун билебиз», — деди Акылбек Жапаров.

Роман Головченко энергетикалык тармак үчүн түзүлүштөрдү чыгарууга байланыштуу долбоорлорду ишке берүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн Беларусиянын алдыңкы ЖОЖдорунда гранттык орундар сунушталганын айтты.

Тараптар жакынкы убакытта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Акылбек Жапаров Роман Головченкого Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM