Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 2945 | 1

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиаборборуна маек куруп, облустун маселелери боюнча суроолорго жооп берди.

Маек облустук медиаборбордун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

— Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын ишкерлерин «Баткен облусуна келип ишканаларды ачкыла» деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге?

— Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте, элдин жашоо-шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып көчүп кетишкен. Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек деген тапшырманы бергем. Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду.

— Бул Баткен облусу жана эли үчүн кандай жакшылыктарды алып келет?

— Биринчиден, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ачып баштайт. Курулуштарды курат. Жаңы, заманбап аэропорт салынат. Кыскасы, Баткен облусу тез убакыттын ичинде өнүгөт. Экинчиден, элдин да тез бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө, иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат. Баткен боюнча мына ушундай иштер жүрүп жатат.

— Эмнеге Министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир да мүчө жок? Жогорку Кеңеште депутаттарыбыз да аз.

— Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче, сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз.

— Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат.

— Ар бир иштин өзүнүн бүтө турган убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли, ким болбосун, жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеши керек.

Силер баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийликке келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди. (Газ жана Чоң-Талаа орто мектептери).

Ал эми 7 мектептин курулуш иштери 75% аткарылып, курулушу улантылууда. Үч бала бакчанын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70% аткарылып, бүгүнкү күндө дагы иштер жүргүзүлүүдө. Үч оорукананын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70% аткарылып, иштер улантылууда.

Курулуш иштерине 122 501400 (жүз жыйырма эки миллион беш жүз бир миң төрт жүз сом) акча каражаты бөлүндү. 4 мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери 50% аткарылып, бүгүнкү күндө аларда да иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 1 маданият, 1 спорт объектисинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди.

Аталган объектилердин капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 36 385800 (отуз алты миллион үч жүз сексен беш миң сегиз жүз) сом бөлүндү.

Облустун аймагында 12 айыл таза суу менен камсыз болду.

Аталган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты  13 700 900 сом (он үч миллион жети жүз миң тогуз жүз) болду.

Калыбына келтирүү боюнча 5 мектептин ичинен бирөө толук бүтүп, пайдаланууга берилди, 4 мектептин иштери 80% аткарылып, бүгүнкү күндө уланууда.

2 бала бакчанын курулуш иштери 80% аткарылып, жылдын аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

1 ФАПтын оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүттү.

Аталган иштерге 309 846 800 (үч жүз тогуз миллион сегиз жүз кырк алты миң сегиз жүз сом) акча бөлүндү.

Облустун аймагында жалпы 17,5 км жолдорго асфальтобетон төшөлдү. Лейлек районунун Кулунду-Максат-Арка жолу 11,3 км, Баткен районунун Ак-Сай-Рават 3 км, Көк-Таш-Чайхана тилкеси 1,2 км, Кадамжай районунун Ош-Исфана 178-179 км участогунун Чечме айылында 1 км, Үч-Коргон-Теңизбай 1 км автожолдоруна асфальт төшөлүп бүттү.

Аталган жолдорго асфальт төшөө үчүн жана стратегиялык маанилүү жолдордун курулуштары 290 271 100 (эки жүз токсон миллион эки жүз жетимиш бир миң бир жүз) сомго каржыланды.

Облустун аймагында 2 510 га айдоо жерлери өздөштүрүлдү.

Анын ичинен Баткен районунда 1200 га, Кадамжай районунда 1310 га жерлер өздөштүрүлдү.

Бул иштерге 192 100000 (жүз токсон эки миллион жүз миң) сомго каржыланды.

«Лейлек» суу сактагычын куруу долбоорун иштеп чыгууга 185 000 000 (бир жүз сексен беш миллион) сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө тендер жарыяланды.

2020-жылдын 25-ноябрында «Максат-дюкер» 2 долбооруна КРӨ тарабынан 50,0 млн сом, 9-декабрында 50,0 млн сом, жалпы 100 (жүз миллион) млн сом бөлүнүп берилген.

Жалпы сугат суу тармагы 477 100 000 (төрт жүз жетимиш жети миллион жүз миң) сомго каржыланды.

Облус боюнча 606.1 га жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери категориясына» которулду.

Жалпы жогоруда аталган 7 тармактарга 1 249 806000 (бир миллиард эки жүз кырк тогуз миллион сегиз жүз алты миң сом) акча каражаты каржыланды.

Дагы алдыда бир топ долбоорлор даярдалып жатат. Ошондуктан мындан ары «министрим жок, депутатым жок» дебегиле. Мындан ары баарын тең салмактап, адилеттүү карайбыз. Мурдакыдай кайсы айылдан күчтүү министр, күчтүү депутат чыкса, үчтөн мектеп салдырып алмай болбойт. Биз өлкө  боюнча баарын тегиз карайбыз. Депутаттар мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, бүттү. Алардын милдети ошол.

1 пикир

1 пикир

  1. Абдулхамид Курманалиев🙏

    20.11.2021 21:42

    Президент кылынган иштер жөнүндө кеңири маълымат берибтир.
    Иштесе болот экен-го.
    Жүрөгү таза,ишбилги инсандын иши.
    Садыр Жапаров,Камчыбек Ташиевти камандасын Аллах колдосун амиийн..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM