Биз менен байланышыңыз

Президент облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 528 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 8-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2, 6-бөлүктөрүнө, 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилет.

1) 4-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:

– 9-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка актылары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.”;

– 10-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“– Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону бекитет;”;

– 11, 12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 5 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин тиешелүү чөйрөлөрүндө жетектөөчү иште кеминде 10 жыл тажрыйбасы бар адамдар ээлей алышат.

  1. Төмөнкү адамдар ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалышы мүмкүн эмес:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

4) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамда белгиленген тартипте тындырылбаган соттуулугу бар.”;

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жободо:

– 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүн кошпогондо, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”;

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын

12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү”.

Copyright © 2017 Maral FM