Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мындан ары жерлерди басып алган башаламандык болбойт

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 738 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдында чогулган Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанындагы «Жер-Ынтымак» конушунун тургундары менен жолугушту.

Алар президентке кайрылышып, өз жер тилкелерине кызыл китептерин 15 жылдан бери ала албай келишкенин, анткени конуш орун алган жер расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин айтып беришти.

Аталган конушта 1300 үй орун алып, жалпысынын 5-10 миң киши жашап, бардыгы каттоосу жоктугунан мамлекеттик кызматтарды ала албай келишет. Мындан улам алар зарыл справкаларды алып, мамлекеттик социалдык кызматтарды колдонуусу үчүн бийликтегилерден турак жайларын мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүштү.

Митингдин катышуучулары алардын турак жайлары санитардык коргоочу аймакта орун алганына карабай, ушул убакка чейин ал жакта жашап, саламаттыгына терс таасирин тийгизгенин сезишпегенин белгилешти.

Мамлекет башчысы алардын кайрылуусун угуп, тийиштүү адистер жерине барып, маселени изилдеп, кырдаал боюнча маалымат беришерин белгиледи. Андан соң тийиштүү чечим кабыл алынат.

Мамлекет башчысы митингдер бул сыяктуу маселелерди чечүүнү тездетүүгө же толук чечүүгө жардам бербей турганына чогулгандардын көңүлүн буруп жана жерлерди басып алуу темасына токтолду.

«Баарына айтып коеюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт – муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди өзүм билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз», — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM