Биз менен байланышыңыз

Пара талап кылууга шектелген прокурордун орун басары кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 615 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары А.А.Э. опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кабарлады.

17-ноябрда УКМК менен Башкы прокуратуранын биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, прокурордун орун басары кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 доллар талап кылганы аныкталды.

Тинтүү учурунда прокуратуранын кызматкери акчанын 200 миң сомдон ашыгын опузалап алганы боюнча материалдык жана документалдык далилдер табылды.

Кармалган кызматкер Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын башка мыйзамсыз фактыларга катышы бар-жогу иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM