Биз менен байланышыңыз

Президент: Биринчи жолу Конституцияга коррупция менен күрөшүү ченемдери кирди

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 450 | 0

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.

Мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө. Бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар оңдолууда.

«Мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталган. Бизнес коомчулук, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ошондуктан, мен 28-ноябрда шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM