Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана мекемелердин статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду.
Кыргызстанда «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Анын алкагында министрликтердин жана мекемелердин статс-катчы институту жоюлган.
Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, статс-катчылардын ишмердигин талдоонун негизинде «бул институттар өздөрүн актаган эмес» деген тыянак чыгарылган.
Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун эске алуу менен анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Кызматтан алынган статс-катчылардын тизмеси:
Айбек Акмолдоев — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
Нурдин Алишеров — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;;
Нуржан Баардинова — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Жылдыз Бопушева — Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
Самат Борубаев — Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Чынгыз Кененбаев — Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Азамат Мамбетов — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
Кутман Мамыров — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Исламбек Мойдинов — Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Абдисамат Сагымбаев — Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Бактыбек Секимов — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
Калысбек Шадыханов — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Абдухалык Шамшиев — Юстиция министрлигинин статс-катчысы.