Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Самара Абдумалик кызы 50 кг салмак категориясында коло медаль алды.
3 күндүк мелдеште 50 өлкөнүн балбандары таймашты. Алардын ичинде Кыргызстандын спортчулары да катышкан.
Беттештер 7 салмак категорияда өтүп, акчалай байгелер коюлган: алтын медаль 4 миң доллар; күмүш медаль 3 миң доллар; коло медаль 2 миң доллар. Жалпы байге фонду 231 миң долларды түздү.
Жалпы байге фонду 231 миң долларды түздү.
Чемпионат COVID-19 пандемиясынан коргонуу эрежелерин сактоо менен өттү.