Марал Радиосу

Самбо боюнча Дүйнө чемпионатында Самара Абдумалик кызы коло медаль алды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Самара Абдумалик кызы 50 кг салмак категориясында коло медаль алды.

3 күндүк мелдеште 50 өлкөнүн балбандары таймашты. Алардын ичинде Кыргызстандын спортчулары да катышкан.

Беттештер 7 салмак категорияда өтүп, акчалай байгелер коюлган: алтын медаль 4 миң доллар; күмүш медаль 3 миң доллар; коло медаль 2 миң доллар. Жалпы байге фонду 231 миң долларды түздү.

Жалпы байге фонду 231 миң долларды түздү.

Чемпионат COVID-19 пандемиясынан коргонуу эрежелерин сактоо менен өттү.

Exit mobile version