Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Шайлоо мыйзамдарын бузган 128 факты катталды

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 563 | 0

Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери, 15-ноябрь саат 08:00гө карата 128 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун ичинен 28и кылмыш катары: Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) боюнча 21 факты; 82-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча 2 факты; 200-беренеси (уурдоо) боюнча 2 факты; 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча 1 факты; 145-беренеси (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу) боюнча 1 факты; 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча 1 факты тиркелди.

Ал эми 27си жорук катары: Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча 1 факты; 87-1-беренеси (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) боюнча 18 факты; 94-беренеси (бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча 6 факты; 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча 6 факты; 66-беренеси (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) боюнча 1 факты катталган.

Мындан тышкары Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15и аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8и башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7си каралууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Copyright © 2017 Maral FM