Биз менен байланышыңыз

УКМК: Оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган курал-жарак, ок-дарылар табылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 729 | 0

Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибирлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.

Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ошондой эле, укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Copyright © 2017 Maral FM