Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 331 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин аянтчасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү өткөрдү.

Анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырып, Кыргызстандын төрагалыгында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Виктор Орбан Венгрия Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, кыргыз-венгер кызматташтыгын эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Венгриянын премьер-министри кыргыз-венгер инвестициялык өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы азырынча аз экенин, бирок биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жакшы колдоо болорун белгиледи.

Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри ошондой эле эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM