Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы 147 млн 509 миң 628 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Мыйзам боюнча, партиянын шайлоо фонду жана чыгымдалган акча каражаттарынын суммасы 300 млн сомдон ашпашы керек.
Быйылкы шайлоого 21 саясий партия катышууда.
10-ноябрга карата шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу саясий партиялар жалпы 124 млн 453 миң 617 сом сарптады.
Партиялардын ичинен эң көп сумманы «Ата-Журт Кыргызстан» короткон. Партиянын шайлоо фондуна 31 млн 871 миң 097 сом топтолсо, анын 22 млн 869 миң 259 сому жумшалган. Ал эми «Ишеним» партиясына 23 млн сом түшсө, анын 21 596 455 сому сарпталган.
Саясий партиянын аталышы
|
Түшкөн каражат
|
Чыгымдалышы
|
1
|
«Ата Мекен» |
4 722 550
|
4 005 023
|
2
|
«Бүтүн Кыргызстан» |
8 868 700
|
7 445 855
|
3
|
«Альянс» |
16 561 875
|
15 436 457
|
4
|
«Легалайз» |
1 058 000
|
1 038 017
|
5
|
«Ыйман Нуру» |
3 137 241
|
2 751 771
|
6
|
«Күчтүү регион» |
1 050 250
|
1 000 150
|
7
|
«Багыт» |
1 143 090
|
1 030 300
|
8
|
«Ынтымак» |
14 611 184
|
10 419 237
|
9
|
«Ишеним» |
23 060 541
|
21 596 455
|
10
|
«Азаттык», |
7 159 708
|
5 449 371
|
11
|
«Мекенчил Эл» |
2 851 610
|
2 839 016
|
12
|
«Кыргызстандын жашылдар партиясы» |
1 065 000
|
1 035 140
|
13
|
«Жашасын Кыргызстан» |
1 026 150
|
1 000 150
|
14
|
«Социал-демократтар» |
3 532 990
|
3 317 132
|
15
|
«Аруузат» |
1 177 700
|
1 147 200
|
16
|
«Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» |
1 753 840
|
1 648 824
|
17
|
«Улуттар Биримдиги» |
4 214 562
|
3 808 522
|
18
|
«Эл Үмүтү» |
16 187 340
|
14 210 629
|
19
|
«Ордо» |
1 240 000
|
1 211 870
|
20
|
«Улуу-Журт» |
1 216 200
|
1 193 239
|
21
|
«Ата-Журт Кыргызстан» |
31 871 097
|
22 869 259
|
|
БААРДЫГЫ: |
147 509 628
|
124 453 617
|