Биз менен байланышыңыз

ОшМУнун ректору кызматынан убактылуу гана четтетилди

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 544 | 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан убактылуу гана четтетилгенин окуу жайдын мугалимдери «Фейсбук» аркылуу жарыя кылышты.

Бул маалыматты тактоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Ниязалиевге кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бир айга деп мөөнөтү белгиленген жок, болгону убактылуу гана иштен четтетилди. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия ишти кайра кароого алды. Комиссия ишти кайра карап чыгып, андан кийин гана чечим чыгарат».

Эске салсак, кечээ, 9-ноябрда Ош шаарында студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн билим берүү министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланып, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынган.

Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору кызматына 2019-жылдын 11-ноябрында шайланган. Ошол эле жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ректордун милдетин аткаруучу кызматын ээлеп келген. Ага чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM