29-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» компаниясынын жетекчиси Александр Михеев менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Эки жак кыргыз тараптын «Рособоронэкспорт» АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК Чек ара кызматына «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге кол коюшту.
Белгилей кетүүчү нерсе, аталган аскердик техникалык буюмдар Кыргызстан тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынат.