Биз менен байланышыңыз

Статс-катчылардын институту жоюлду

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 2183 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Документ мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн, бош кызмат ордуна дайындоонун, ротациялоонун, кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин, кызматкерлердин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, социалдык коргоонун кепилдиктерин, кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.

Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, статс-катчылардын ишмердигин талдоонун негизинде «бул институттар өздөрүн актаган эмес» деген тыянак чыгарылган.

Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун  эске алуу менен анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM