Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Президенттин чек ара боюнча айткандарын айрымдар бурмалоодо

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 933 | 0

Президент Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда.

«Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз, бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет», — деп жазган Эрбол Султанбаев.

Жапаров чек ара боюнча Мадумаровду айыптады (видео)

 

Copyright © 2017 Maral FM