Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек бир айга камакка алынды

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 261 | 0

Алдамчылыкка шектелип кармалган блогер Гүлзат Мамытбек Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине которулду.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясына 7 жаран арызы менен кайрылып, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөрү айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен каттоого алынган.

Маалыматтарга караганда, шектүү 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г.А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБнин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM