Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Бажы кызматынын жаңы төрагасы боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 5231 | 0

Кечээ биз Бажы кызматынын жаңы төрагасын дайындадык. Алар Кыргызстандын Чүй облусунда жаңы «Silk Way» соода- логистикалык борборун, А классындагы терминал курушту. Анан азыр бизнесмендер менен чогуу бажыдагы болгон көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен барды. Бизнесмендердин баарына бирдей саясат жана ачык- айкындык болот. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат.

«Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9%ды эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 унаа «Эркечтамдан», 30 унаа «Торугарт» өткөрмө пунктарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды 2 эсе көбөйтөбүз деп жатышат», — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров кийинки жылы күнүнө 100 жүк ташуучу унаа өткөрүүгө чыгара тургандыгын айтты.

Эске салсак, кечээ, 26-октябрда Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага болуп Адилет Кубанычбеков дайындалган. Аны менен кошо орун басарлары да алмашкан. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM