Орусия Кыргызстанга коронавируска каршы «Спутник лайт» вакцинасынын 200 миң дозасын берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Орус өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миң доза вакцина алуу максатында 1,2 млн доллар бөлүү чечими кабыл алынган.
«Спутник Лайт» вакцинасы кайтарымсыз негизде берилет.
«Спутник Лайт» — «Спутник V» вакцинасынын биринчи компоненти, ал 2020-жылдын августунда катталган.
Кыргызстанда жалпы 957 миң 383 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 726 миң 899 жаран экинчи компоненти менен эмделди.