Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлары дайындалды

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 704 | 0

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага болуп Адилет Кубанычбеков дайындалышы менен анын орун басарлары да дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков кызматтан алынды. Ал башка кызматка өтөрү кабарланды. Ошондой эле анын орун басарлары да башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулган. Самат Исабеков Бажы кызматын 2021-жылдын 7-июнунан тарта жетектеп келген.

26-октябрда Бажы кызматынын жаңы жетекчиси эмгек жамаатына тааныштырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM