Connect with us

Жаңы башчынын дымагы жана бажыга байланышкан бизнестери

Саясат , Экономика | 28 Окт 2021 | 1725 | 0

27-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Бажы кызматына жаңы жетекчи жана орун басарлар дайындалды. Жаңы төрага Адилет Кубанычбековдун кызматка келүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Анын ишкерлигинин жүк ташуу тармагына түздөн-түз байланышы бар болгондуктан, бир топ суроолорду пайда кылууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык, ал бажыдагы көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен кызматка барды.

Factcheck.kg сайты Юстиция министрлигине таянуу менен Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы төрагасы Адилет Кубанычбековдун бизнеси тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, анын атына жалпысынан алты компания катталса, бешөө 2018-жылдан кийин түзүлүп, азыр да иштеп турат.

Silk Way логистикалык борбору кыргыз-казак чек арасынын жанында, «Манас» аэропортуна жакын жайгашып, 70 гектар жерди ээлейт. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Самат Исабеков аталган индустриалдык парктын иши менен таанышып, анын көп тараптуулугун белгилеп, бажы брокерлери жана кампа жайлары борборлоштурула турганын айткан. Ошондой эле борбор иштеп баштагандан тарта «ЮниЛаб» жана «БТС» бажы терминалдары ишин токтото турганын белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бажы кызматынын жаңы төрагасы логистикалык борбор курган ишкер экенин белгилеп, анын бажыдагы көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен кызматка барганын айтты.

«Кечээ биз Бажы кызматынын жаңы төрагасын дайындадык. Алар Кыргызстандын Чүй облусунда жаңы Silk Way соода-логистикалык борборун, А классындагы терминал курушту. Анан азыр бизнесмендер менен чогуу бажыдагы болгон көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен барды. Бизнесмендердин баарына бирдей саясат жана ачык-айкындык болот. Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9%ды эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 унаа «Эркечтамдан», 30 унаа «Торугарт» өткөрмө пункттарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды 2 эсе көбөйтөбүз деп жатышат».

Silk Way индустриалдык паркынын карамагында түзүлгөн «Силк Вей» корпорациясынын директору катары Лю Ин аттуу жаран көрсөтүлгөн. Аны 2019-жылы «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагын» курмакчы болгон адам экенин жана Адилет Кубанычбековдун бардык долбоорлорун коштоп жүргөнүн ишкер, экономист Эмиль Ашимбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты. Лю Индин Ат-Башыдагы логистикалык борборду курууга 280 миллион доллар түз инвестиция кыла турганы айтылган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда салуу пландалып, бирок элдин нааразылыгынан токтоп калган соода-логистикалык борборду кайра курууга чет элдик инвесторлор даяр экенин президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган сапарында билдирген. Бирок логистикалык борборду курууга кызыкдар ишкерлер ким экенин ачык айткан эмес.

Бажы кызматынын жаңы жетекчисинин дайындалышы бир топ суроолорду жаратып, кызыкчылыктар кагылышы болбойт деп эч ким кепилдик бере албай турганын ишкер Талантбек Маткерим уулу билдирди.

«Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Бул киши биринчиден бизнестен барып жатат. Silk Way деген бажы кампасы ачылып жатат. Бул жерде көпчүлүк ишкерлерде суроо туулат. Аны Бажы кызматынын башына алып келгенде бизнес чөйрөсү да бар, өзүнүн бизнеси да бар. Мына ошого байланыштуу канчалык адилеттүү иш алып бара алат? Дал ушул бажы тармагында ишкерлик кылган кишини ал тармактын башына алып баруу канчалык туура, аны убакыт көрсөтөт. Эртең-бүрсүгүнү атаандаштарынын жолун тосуп, өзүнүн бизнесин гүлдөтпөсүнө кепилдик барбы? Экинчиден, кесипкөйлүк жагын айта турган болсок, Бажы кызматы сезимтал орган болгондуктан, аталган тармакта иштеген тажрыйбасы жана эл аралык мамилелерде тажрыйбасы болушу керек. Ушул тармакта адис болбогон бирөө канчалык ийгиликке жете алат? Бул — эң негизги суроолордун бири».

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматкерге өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, чарбалык субъектилерди башкарууга, катышууга тыюу салынат. Эми Бажы тармагынын жаңы башчысы бизнесинен баш тартышы зарыл.

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага болуп Адилет Кубанычбеков дайындалышы менен орун басарлары да алмашты. Орун басарлар болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалган. Эрик Ирискулбеков буга чейин коомдук активист катары белгилүү жана «Адилет-Консалт» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болгон. Ал эми Азамат Абдыкалыков 2018-жылы каттоодон өткөн Silk Way тоо-кен ишканасынын директору болуп саналат. Белгилеп кете турган жагдай, ишкананын аталышы Адилет Кубанычбеков негиздеген логистикалык борбордун аталышы менен окшош. Бул жөн гана дал келүүбү же жетекчиси менен байланыштуубу, ал өзүнчө суроо жаратат.

Бажы тармагы Кыргызстандагы коррупцияга баткан орган катары белгилүү. «Азаттык» радиосу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аталышындагы журналисттик иликтөө жасап, бажыдагы коррупция, өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу бир топ далилерди табышкан. Бажыдагы коррупциянын жоюу боюнча ар бир жаңы келген өкмөт реформалоону баштап, бирок аягына чыкпай келишет. Бажы системасындагы бардык процедураларды санариптештирүү, адам факторун азайтуу жемкорлукту жоюунун бирден-бир жолу катары айтылып келет.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров бажы тармагын реформалоо үчүн адам баласы алдай албай турган система орнотуу керек деп эсептейт.

«Бажы кызматына адам баласы алдай албай турган система орнотуу керек. Автоматтык түрдө бажынын бардык төлөмү төлөнүп, тараза, рентген коюлушу керек. Ошондой эле ар бир келген товар Салык органынын базасына кирип, автоматтык түрдө эсептелиши керек. Адам факторун жокко чыгарса, анда Бажы кызматынын жетекчисине жумуштун деле мааниси калбайт. Ал ошол жерде жарык өчкөн жокпу жана башка нерселерди карап, системаны эле көзөмөлдөп турат. Адам фактору негативдүү таасир этет. Грузияны реформалаган Саакашвилини окусак, ал 3-4 жолу жетекчисин жаңырткан менен ар дайым эле коррупцияга батып кетчү. Себеби, ал жерде коррупцияга батып кетүү өтө жеңил жана өтө чоң акча бар. Ошондуктан бул жерге толугу менен санариптештирүү, автоматтык эсептөө керек. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары көрсөткөндөй, жаңы кадрлар бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра эле коррупцияга батып кетет».

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү иш жүзүндө 12 млрд 181 млн сом болгон. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда түшүүлөр 288,4 млн сомго жогорулап, өсүү темпи 102%ды түздү, 2020-жылдын 4 айына карата 4,803 млрд сомго жогорулап, өсүү темпи 165,1%га жетти. 

Copyright © 2017 Maral FM