Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.
2021-жылдын октябрь айында инфляция 11,8 пайызды түздү. Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизген негизги факторлор — азык-түлүккө болгон баалардын дүйнө жүзү боюнча кымбатташы саналат.
Улуттук банк ички валюта рыногундагы абалды туруктуу деп мүнөздөйт. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенцияларды жүргүзүүдө.