Биз менен байланышыңыз

Пара менен кармалган Таалайбек Апенов кызматтан бошотулду

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 434 | 0

Таалайбек Апенов Президенттик администрациянын ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Таалайбек Апенов пара талап кылуу фактысы менен 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо тартибинде коррупциялык схема аныкталган.

Президенттик администрациянын ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызмат абалынан кыянат пайдаланып, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечем жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп, С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом талап кылган.

18-октябрда Таалайбек Апенов акча алып жаткан жеринен кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM