Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттик шайлоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2021 | 348 | 0

Бүгүн, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо башталды. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Өлкөдө расмий иш алып барган беш саясий партия тең талапкерлерди каттады.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланган күнгө чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана президенттикке талапкер көрсөтө алат. Ага байланыштуу учурда коңшу мамлекетте президенттикке талапкерди 5 партия сунуштаган:

-Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы өлкөнүн азыркы президенти 64 жаштагы Шавкат Мирзиёевди;

-Экологиялык партия 46 жаштагы Нарзулло Обломурадовду;

-Элдик демократиялык партия 60 жаштагы Максуда Варисованы;

«Адолат» социал-демократиялык партиясы 62 жаштагы Бахром Абдухалимовду;

«Миллий тикланиш» демократиялык партиясы 46 жаштагы Алишер Кадыровду көрсөткөн.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын тизмесине 19,86 миллион адам киргизилген. 14 округдук шайлоо комиссиялары түзүлгөн, 10760 шайлоо участкасы иштейт. Добуш берүү күнүнөн мурун 420 миңден ашуун жаран добуш берди.

Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкер шайлоочулардын 50%дан ашык добушун алышы керек. Катышуу босогосу 33% болушу керек.

Буга чейинки президенттик шайлоо тунгуч президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 2016-жылдын 4-декабрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Ага 4 талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш менен жеңип чыккан.

Өзбекстанда президенттик кызматтын мөөнөтү — 5 жыл.

Copyright © 2017 Maral FM