Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Ал алгач социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берди.
Иш-чарага 150гө жакын жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары катышууда.
Экономиканы өнүктүрүү чаралары күчөтүлдү:
-Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фондунун капиталына 2 млрд сом кошулду;
-Орусия менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушул жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түз каржылоо программасы боюнча насыяларды берүүнү улантты;
-Бизнеске кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында РСК банкынын капиталы 900 млн сомго көбөйтүлдү;
-2021-жылдын 9 айында РСК жана Айыл банк тарабынан 16,7 млрд сомго насыя берилди, анын 72 пайызы аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган;
-Ушул жылдын август айында эл аралык финансы институттардын колдоосу менен чакан жана орто ишканаларга 72 млн доллар пайызы жок насыяларды берүү чечими кабыл алынды;
-Айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында 5,8 млрд сомдон ашык акчага насыялар берилди;
-Пандемиянын кесепетин жоюу, экономиканы өнүктүрүү максатында Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды;
-Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт, 2022-24-жылдар аралыгында 3 жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан 12 жана 4 пайызга чейин азайтылды;
-Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин мамлекеттик турак жай программасы бекитилип, сентябрда ишке кирди. Насыянын пайыздык чендерди азайтуу максатында компаниянын уставдык капиталы 5,12 млрд сомго жогорулады. Насыянын пайыздык өлчөмү бюджеттик тармактарда иштегендер үчүн 4 пайызга төмөндөдү;
2021-жылдын октябрь айынан тарта мурда берилген ипотекалык насыялардын жылдык пайыздык ставкалары 4-6 пайызга чейин азайтылат.