Биз менен байланышыңыз

Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болду

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 432 | 0

Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

22-октябрь күнү Нарын шаардык кеңешинин 31 депутатынын 16сы Арслан Сталбек уулунун талапкерлигин колдоду. Дагы бир талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алган.

Нарын шаарын буга чейин Самарбек Болотбеков жетектеген. Ал алдамчылыкка шектелип камакка алынган мурдагы депутат Руслан Чойбековдун иши боюнча кармалып, өлкөдөн сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Арслан Сталбек уулу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде каржы, насыя жана банк иштери адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015-жылдары — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015-жылы — «Бакай банкы» ААКында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017-жылдары — «Бакай банкы» ААКында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018-жылдары — «Азия банкы» ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021-жылы — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021-жылы — «М.СТАРД» курулуш компаниясынын директорунун орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM