Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 223 | 0

22-октябрь күнү саат 09:00дөн баштап Бишкек-Ош жолунун Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу каттай турган бардык оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун «Чычкан» постунан Ош-Бишкек, Өтмөк ашуусу Талас-Бишкек багыттары боюнча транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилди.

Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Суусамыр жолунда инерттүү материалдарды себүү, жолдун кыймылдуу бөлүгүндө тазалоо, карды жыйноо иштери жүрүүдө. Убактылуу коюлган чектөөлөр тазалоо иштери бүткөндөн кийин калыбына келтирилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, транспорт каражаттарынын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну, ашуу аркылуу жолго чыгууда керектелүүчү шаймандарды даярдап алууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM