Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мээрим Айныкееваны коркуткан адам УКМКнын кызматкери эмес

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 347 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Али Токтакунов МедиаХабынын» журналисти Мээрим Айныкееванын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

УКМК кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист буга чейин арыз менен кайрылган.

Айныкеевадан түшкөн арызды кароонун жүрүшүндө ал адам убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну Н.М. уулу экени аныкталып, УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алып келинген.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Н.М уулу аттуу жаран «Шахрезада» ресторанында мас абалында эс алып жатканын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш Мээрим Айныкеева да болгонун айтып түшүндүргөн.

Н.М. уулу Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Ошол эле учурда Н.М. уулу УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айткан.

Учурда Н.М. уулунун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM