Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоо же вирустук инфекция менен ооруганда эмне кылуу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2021 | 1025 | 0

Курч кармаган вирустук инфекция менен коронавирустун симптомдору өзгөрүп жаткандыктан, быйыл кайсынысы менен ооруп жатканын ажырата албай жаткандар бар. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Адистин айтымында, штаммдардын өзгөргөнүнө байланыштуу коронавирустун да симптомдору өзгөрдү. Мурда температура, анан жөтөл дей турган болсок, азыркы «Дельта» штаммы ич өтүү менен коштолуп жатат. Ал эми курч кармаган вирустук инфекция же сасык тумоо болгондордо титирөө (судороги) байкалууда.

«Мындай симптомдор байкалганда, ата-энелер балдарын мектепке, бала бакчага жибербеши керек, өзүбүз деле оорусак, жумушка барбай же бет кап тагынып чыгуу керек. Бул ооруну дарылоонун негиздери — тынчтык жана төшөктө жатуу. Бейтапты жылуу кармап, үйдөн чыгарбоо керек. Андан сырткары алдын алуу чараларын айта кетсек, эң биринчи, эгер үйдөн бирөө ооруп калса, бет кап тагынып бир бөлмөдө отурушу керек, үйдү желдетип туруу керек. Үйдү желдетүү бөлмөдөгү вирустардын концентрациясын азайтат. Суюктук көп ичүү: суюктук көп ичкенде, кан айлануу жакшырып вирустардын чыгып кетиши бат болот. Андан сырткары туура тамактануу, балдарга витаминдүү тамактардан көп берүү. Лимон менен чай, бал менен чай болобу, көп суюктук берүү керек. Туура тамактануу, жашылча-жемиштерди көп берүү керек», — деди адис.

Ал учурда бардык жемиштер бышып турганын айтып, аларды табигый түрдө жесе, көбүрөөк пайда болорун билдирди. Эгер витаминдерди ала турган болсо, мультивитаминдик комплекстен бир эле курс ичсе болот. С витамини лимондо, карагатта көп, ал кан тамырларды бекемдейт. Сасык тумоо, вирустук инфекцияларда бат айыгып кетүүгө шарт түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM