Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөнү өнүктүрүүнү аймактардан баштагысы келет

Саясат | 21 Окт 2021 | 1297 | 0

Бишкекте жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык кеңешмеси өтүүдө. Кеңешменин негизги максаты: мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматташтыгын күчөтүү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, өзүнүн баяндамасында Кыргызстандагы жана аймактардагы негизги көйгөйлөр катары коррупция, таза суу, электр энергиясы, кадрдык мүчүлүштүк маселелерине токтолуп, тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жапаров: Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен биринчи жолу кеңири форматта кеңешме уюштурулуп жатат. Анткени бүгүнкү күндөгү экономикалык татаал шарт көйгөйлүү маселелерди талкуулап, туура жыйынтык чыгарууну талап кылат. Мындай учурда бардык бийлик органдарынын иш-аракеттерин координациялоо, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу маселеси биринчи планга чыгары айкын.

Президенттин баамында башкаруунун формасы өзгөрүлгөнүнө карабастан, мамлекеттик органдардын иштөө ыкмалары, чечимдерди кабыл алып, аларды ишке ашыруусу эскиче жүрүп жаткан сыяктуу. Ошондуктан мамлекеттик башкаруу системасын бүгүнкү күндүн талабына ылайык реформалоо башталды. Анын негизинде эми акимдерди президент дайындап, президент кызматтан бошотот.

«Азыркы учурда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып, мен 10 күн мурда кол койгом. Бул мыйзам Өкмөттүн ишине туруктуулукту алып келет. Мыйзамдын негизинде район акимдерине тиешелүү укуктар берилди. Эми ыйгарым укуктардын негизинде жигердүү иштөөгө шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Себеби ар кандай шылтоо айтууга эми негиз жок. Анткени мыйзам менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдерге бир топ кошумча ыйгарым укуктар берилип жатат! Ал укуктар көптөгөн маселелерди райондук деңгээлде чечүүгө шарт түзөт. Аталган мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, урматтуу жетекчилер, өзгөчө райондук жетекчилер, иштөө ыкмаңарды өзгөртүп, жаңыча иштеңиздер! Элдин көйгөйлүү маселелери райондо чечилиши керек! Мындан ары жер-жерлерден келген кайрылууларды жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөбүз!»

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым бар экенин, жергиликтүү бийлик өзү менен өзү болуп калганын, акимдер маселени райондук деңгээлде чечпей, чаржайыт саясат жүрүп келгенин белгиледи.

«Ар бир жергиликтүү бийлик өзү менен өзү болуп, бири-бири менен тажрыйба алмашпайт, мисалы: инвестор тартууда, кайра иштетүүчү ишканаларды курууда. Ошондуктан биз парламентте кабыл алып берген мыйзам эң жакшы деп ойлойм. Азыр «акимдер айыл өкмөттөрүн да шайлайт экен» деп коркуп жатышат. Азыр жаңы мыйзам менен акимдер айыл өкмөттөрүн дайындоо менен бирге милдеттемелерди да алышат. Мурда жоопкерчилик эч кимде болчу эмес. Айыл өкмөт башчысын 12-15 депутат шайлап алчу, алар эмнеге келгенин, кандай кызмат кылганын түшүнүшчү эмес. Жерлерди чаржайыт сатып келишкен. Эми ар бир райондо тартип болот деп ойлойм». 

Президент Садыр Жапаров аймактарда кесипкөй жаш адистердин аздыгы негизи көйгөй экенине да токтолду. Ошондой эле бул маселени тез арада чечүүнү тапшырып, жаш кадрларды демөөр боло турган турак жай жана жогорку эмгек акы менен камсыз кылуу керектигин айтты. Андан тышкары ар бир райондо өнүгүү фонду түзүлүп, ага 2022-жылдан баштап бюджеттен акча бөлүнө турганын кошумчалады.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев аймактарда кадр маселеси бар экенин, жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө жарлык чыгып, анын негизинде жарандарга мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка кирүүгө бирдей шарт түзүлгөнүн билдирди.

«Мындан ары кесипкөйлүктүн жана адеп-ахлахтык сапаттардын негизинде гана жумушка алуу көрсөтүлгөн. Бул багытта бир топ иштерди аткардык. Акимдер ротацияланып, бир топ аким конкурстун негизинде кызматка келип жатат. Бирок, ушул жумушту мындан ары да улантып, аймактарда толук ишке ашыруу керек болуп турат. Алдыда муниципалдык кадрлар резервин түзүү керек. Шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары эски тартипте шайланып келип калган, аларга сапаттык жактан бир топ сын-пикир айтылып жүрөт. Бул боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү биздин алдыбызга милдет катары коюлду. Муниципиалдык кадрлар резервин түзүп, ага мыкты, кесипкөй жарандарыбыздын катышуусун камсыз кылып, бул багытта комплекстүү түрдө иш алып барабыз».

Президент Садыр Жапаров алдыда парламенттик шайлоону таза өткөрүү милдети турганын белгилеп, аймактарда мамлекеттик кызматкерлер кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып, жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Ошондой эле ал райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбастан, мугалимдер, дарыгерлер да жазасыз калбасын маалымдады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов ким шайлоо мыйзамдарын бузган болсо, баары бирдей жоопко тартыларын кулак кагыш кылды.

«Ким шайлоо мыйзамдарын бузган болсо, баары бирдей жоопкерчиликке тартылат. Милиция кызматкери болобу, прокурор болобу, баары бирдей жоопко тартылат. Бул жерде бөлмөй жок. Себеби биздин негизги максат: административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө, ошондой эле добуш сатып алууга мүмкүнчүлүк бербөө. Таза, ачык шайлоо өткөрүү пландалып жатат. Добуш сатып алууну өнөкөт кылып алгандарга эскертүүлөрдү берип жатабыз, эгерде дагы улантышса, аны тыйдырабыз жана туура жолго салабыз».

Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл экенин да эскертти. Бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырып, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгууга аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасын, сапатын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланууда. Кеңешме эртең да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM