Кыргызстанда 21-октябрга карата 114 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 36, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда –4, Баткен облусунда 4 адамдан илдет жаңы табылган.
Муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 180 миң 223кө жетти.
Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 643тү түздү.
21-октябрга карата дагы 60 адам илдеттен сакайып чыгып, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 174 миң 875ке жетти.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 640 бейтап, үй шартында 560 адам дарыланууда.